gototop


Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун тарыхы

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – бул саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык жактан коргоонун мамлекеттик формасы, анын максаты Медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилденген камсыз кылуу болуп саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун катаал мезгилде – 90чу жылдардын аягында, саламаттык сактоого каралган чыгымдар ИДПга карата 1991-жылы 3,7%дан 1999-жылы 1,9%га чейин төмөндөп кеткенде киргизилиши, саламаттык сактоо мекемелерин бир аз да болсо колдоого мүмкүндүк берип, дарылоо мекемелерин каржылоонун көлөмүн такыр түшүп кетүүдөн сактап калган. ММКнын өнүгүшү саламаттык сактоону реформалоонун алкагында жүргүзүлдү, саламаттык сактоо мекемелерин каржылоонун республика үчүн жаны прогрессивдүү методдору иштелип чыга баштаган.

1999-2000-жылдары ММК каражаттарынын үлүшүнүн жогорулашы, калктын жана саламаттык сактоо мекемелеринин милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы менен бир кыйла кеңири камтылышынын натыйжасында, ММК боюнча медициналык кызматка акы төлөөгө (акыркы натыйжа боюнча) жана мурунку саламаттык сактоо системасында колдонулган статьялар боюнча бюджеттик каржылоого камтылган (саламаттык сактоо уюмдарынын кубаттуулугуна жана штатына жараша) стимулдардын ортосунда карама-каршылык сезиле баштады. Медициналык кызматка акы төлөөнүн бирдиктүү эрежелерине өтүү зарылчылыгы келип чыкты.

Саламаттык сактоо секторун каржылоонун начарлап бараткандыгына байланыштуу, саламаттык сактоого каралган мамлекеттик чыгымдардын ИДПнын түзүмүндө гана эмес, жалпы мамлекеттик чыгымдардын түзүмүндө кыскарышы, ошондой эле саламаттык сактоо жаатында калк үчүн каралган жеңилдиктердин жетишерлик деңгээлде каржыланбашынан улам, 2001-жылдан тартып Мамлекеттик кепилдиктер программасы иштелип чыккан жана киргизилген. Мамлекеттик кепилдиктер программасы бюджеттин жана ММК каражаттарынын эсебинен калкка акысыз жана жеңилдетилген шартта көрсөтүлө турган медициналык кызматтын көлөмүн аныктоочу мамлекеттик социалдык стандарт болуп эсептелет. Мамлекеттик кепилдиктер программасын киргизилиши менен бирге, саламаттык сактоо системасында кеңири тараган расмий эмес төлөмдөрдүн жана пара берүүнүн ордун алмаштырууга багытталган, медициналык жардамдын айрым түрлөрүнө кошумча төлөм киргизилген.

Жыл сайын бул программага саламаттык сактоого каралган бардык чыгымдардын дээрлик 70%ы туура келет. Акыркы жылдары саламаттык сактоого бөлүнгөн каражаттын бир кыйла көбөйүшү Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында калкка акысыз көрсөтүлүүчү медициналык жана профилактикалык жардамдын көлөмүн жана түрлөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. 2006-жылдан баштап Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин мезгилде, 75 жаштагы жана андан улуу пенсионерлерге медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. 2008-жылдан тартып 70 жаштагы жана андан улуу пенсионерлерге медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт. Калган пенсионерлерге стационардык деңгээлде дарыланууда кошумча төлөмдүн көлөмү минималдуу деңгээлге жеткирилген (200-260 сом, 2013-жылы – 330 сом болгон). Кошумча төлөмдүн алып салынуусу жана азайтылышы жыл сайын республикалык бюджеттин каражаты менен толукталат. 2006-2009 жылдары кошумча төлөмдү каржылоого республикалык бюджеттин каражаттарынан 594,7 млн.сом багытталган.

Республиканын саламаттык сактоо системасында рынок механизмдерин киргизүүдө функциялар экиге бөлүнгөн: медициналык кызмат көрсөтүүчүгө жана медициналык кызматты сатып алуучуга – төлөөчүгө. Ошол мезгилде ММК фонду Саламаттык сактоо министрлигине караштуу болгон, ошондуктан саламаттык сактоо системасы медициналык тейлөөнү өзү жүргүзүп, өзү натыйжасын баалап жана төлөм төлөп келген. Мунун өзү туура эмес болгон, медициналык тейлөөнүн сапатын Саламаттык сактоо министрлигине көз каранды эмес мекеме жүргүзүшү керек эле, азыркы учурда - бул Саламаттык сактоо министрлигине көз карандысыз ММК фонду, ал акы төлөөнү жүргүзүшү керек. Саламаттык сактоо министрлиги бардык саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруучусу катары, медициналык кызмат менен жабдуучунун милдетин аткарышы керек.

Саламаттык сактоону каржылоого Бирдиктүү төлөөчү системасынын киргизилиши менен ММК фондуна мыйзамдуу түрдө Бирдиктүү төлөөчү системасынын функциясы бекитилген, мунун өзү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында жаңы финансылык жана уюштуруу түзүмүн түзүүгө жана каражаттарды бир кыйла эффективдүү жана адилеттүү колдонууга мүмкүндүк берет.

Саламаттык сактоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды улуттук деңгээлде топтоштуруу менен, райондун же шаардын экономикалык абалына карабастан саламаттык сактоо мекемелеринин ортосунда каражаттарды тегиз жана акыйкат бөлүштүрүүгө жетишилди.

Саламаттык сактоо секторундагы реформалар саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо принциптеринин өзгөрүшү - түзүмдү каржылоодон, иштин натыйжасын каржылоого өтүү менен тыгыз байланышкан. Анын негизги максаттарынын бири болуп сектордун багытын өзгөртүү менен саламаттык сактоонун экономикалык жактан эффективдүү баштапкы звеносунун ролун жогорулатуу жана оорукана кызматынын чыгымдарын оптималдаштыруу болуп саналат

ММК фонду алгачкы түзүлгөн күндөн тартып эле саламаттык сактоонун баштапкы звеносун каржылоого артыкчылык берүү жолу менен, аны күчтөндүрүү саясатын жүргүзүп келет.

Саламаттык сактоо каражаттарын улуттук деңгээлде топтоштуруунун эсебинен ММК фонду 2006-жылдан баштап бардык региондор боюнча баштапкы деңгээлде каржылоонун нормативдерин теңдештирүү менен гана чектелбестен, ошондой эле каржылоонун жалпы көлөмүн көбөйтүүгө жетишти. Эгер 2006-жылы баштапкы медициналык тейлөөгө бардык каражаттардын 23%нан кем эмеси багытталса, 2009-жылы – 40%дын тегерегинде каражат багытталган, ал эми 2012-жылы адистештирилген жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары Бирдиктүү төлөөчү системасына каржылоого которулгандыгына байланыштуу, баштапкы медициналык-санитардык жардамга чыгымдардын үлүшү 38%га чейин төмөндөгөн.

ММК фондунун бирден-бир негизги максаттарынын бири болуп, медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын көзөмөлдөө болуп эсептелет, көзөмөлдөө үзгүлтүксүз негизде тейлөөнүн сапатына экспертиза жүргүзүү, ошондой эле анкеттөө жүргүзүүнүн негизинде, ММК фондунда жана анын аймактык башкармалыктарында иштеген ишеним телефондору боюнча келип түшкөн жарандардын кайрылуусун жана арызын кабыл алууда бейтаптарды тейлөөнүн сапаты канааттандырарлыгын иликтөө аркылуу жүргүзүлөт. Жыл сайын ММК фонду тарабынан амбулаториялык жана стационардык деңгээлде көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатына 60,0 минден ашуун экспертиза жүргүзүлөт.

Медициналык жардамдын сапатына үзгүлтүксүз негизде контролдоо жүргүзүү белгилүү бир натыйжаларга алып келди. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча бир жашка чейинки балдарга байкоо жүргүзүүдө стандарттарды сактоонун деңгээли 80,5%, 1 жашка чейинки балдардын толук вакциналык комплексти алышы 94,6%. Ички түйүлдүктүн патологиясынын өнүгүүсүн алдын алуу бир кыйла жогорку деңгээлде. Калий иодид дарысын кош бойлуу аялдарга дайындоо деңгээли орто эсеп менен 86,0%ды түздү, аз кандуулукта темир препаратын дайындоо – 93,2%.

Колдо болгон ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, саламаттык сактоонун багытын баштапкы деңгээлге буруу максатында, баштапкы деңгээлде дарылоого боло турган айрым оорулар боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

Клиникалык практикага стандарттык схемаларды киргизүүнүн жана оорулууларды кароонун сапатына жүргүзүлгөн мониторингдин оң натыйжаларга алып келген бирден-бир ачык мисалдарынын бири болуп ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы боюнча операциялык ыкманы колдонуунун туруктуу төмөндөшү болуп эсептелет. 2008-жылы операциялык ыкманы колдонуу 2004-жылга салыштырмалуу 43,3%га азайган. Бронхиалдык астма менен ооруган оорулууларды ооруканага жаткыруу деңгээли төмөндөөдө: 44,2%дан 2006-жылы 2008-жылы 40,8%га чейин азайган (бул оору менен катталган оорулуулардын жалпы санынан).

Баштапкы деңгээлде медициналык кызмат көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, камсыздандырылган жарандардын дары-дармек каражаттарына экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2000-жылдан тартып республиканын бардык аймагында этап-этап менен Баштапкы деңгээлде камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы киргизилген. 2013-жылга карата ММКнын Кошумча программасы этап-этап менен республиканын бүткүл аймагына киргизилип бүттү. Камсыздандырылган жарандар дарыгердин рецеби боюнча дары-дармек каражаттарын сатып алышат жана дарынын наркынын бир бөлүгүн гана төлөшөт, калган бөлүгүн ММК Фонду дарыканаларга төлөп берет. Дары-дармек каражаттарынын наркын төлөп берүү көлөмү орто эсеп менен 50%ды түзөт. Бул программаны ишке ашырууга багытталган каражаттардын өсүү динамикасы бир камсыздандырылган жаранга киши башына норматив 2004-жылы – 15 сом, бир жылга – 53,1 млн. сом, 2006-жылы – 20 сом, бир жылга – 70,8 млн. сом, 2010-жылы – 30 сом, жылына – 122,3 млн. сом жана 2012-жылы – 45 сом, жылына – 183,3 млн. сом. Мындан тышкары, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында социалдык жактан маанилүү оорулар менен ооруган адамдарды камсыз кылууга жыл сайын 25,0 млн. сом багытталат.

Бул программанын киргизилиши врачтардын бардык күч-аракетин оорулууларды амбулаториялык деңгээлде дарылоого багыттоого гана мүмкүнчүлүк бербестен, ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик секторунун келишимдик негизде активдүү өнөктөштүгүнүн ачык мисалы боло алат.

ММКнын Кошумча программасы айыл жергесинде дарыкана тармагынын өнүгүшүнө түрткү берди. Мисалга алсак, Акыркы жылдары ММКнын Кошумча программасын жүзөгө ашырууга катышкан фармацевтикалык жабдуучулардын саны өскөн: 2005-жылы 167 (634 дарыкана жана дарыкана пункттары), 2009-жылы 231 (886 дарыкана жана дарыкана пункттары), 2012-жылы 199 (881 дарыкана жана дарыкана пункттары). Ошол эле мезгилде дарыканалары жок айылдардын саны 142ден (2005-жылы) 100гө чейин (2012-жылы) азайды.

ММК Фондунун артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саламаттык сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун коргоо болуп саналат. Жарандарга медициналык- санитардык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана бейтаптардын укугун коргоонун таасирдүү механизмдерин түзүүнү күчөтүү максатында ММК Фонду тарабынан жарандардын кайрылуулары жана даттануулары менен туруктуу негизде иш жүргүзүлүп келет.

Бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, маалымдуулукту жогорулатуу, жарандардын укугун камсыз кылуу максатында ММК Фондунда жана анын аймактык башкармалыктарында “Ишеним телефондору” иштейт. Ишеним телефондорунун иши өз ичине жарандардын кайрылууларын, бейтаптардын медициналык жана дары-дармек жагынан көрсөтүлүүчү жардамдын сапатына карата даттанууларын карап чыгууну жана талдоону, каралып жаткан учурду оорулуунун дарылануусуна катышкан медициналык кызматкерлер менен бирге териштирүүнү, медициналык жардам көрсөтүү шарттарын карап чыгууну, бейтаптын укугунун бузулушуна алып келген себептерди аныктоону өз ичине камтыйт. Калктан келип түшкөн даттануулар объективдүү талданат, бюрократизмди, кайра кайталап кайрылууларды токтотуу максатында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана эмгек ардагерлеринин, пенсионерлердин, калктын аз камсыз болгон катмарынын арыздары кылдаттык менен каралат.

Бейтаптардын дарылоого катышуусун жогорулатуу максатында бейөкмөт уюмдар, пенсионерлер менен жолугушууларды, тегерек столдорду өткөрүү, бейөкмөт уюмдардын буклеттерин, брошюраларын элге таркатуу, ММК жана МКП программалары боюнча саламаттык сактоо уюмдарында стенддерди уюштуруу жана массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташуу аркылуу медициналык жардам алууда бейтаптардын укуктары тууралуу калк арасында маалыматтык-билим берүү иштери жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» №283 мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7,42,47-беренелерин жетекчиликке алуу менен Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММК фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фонду болуп кайра түзүлгөн.

Мындай чара Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоого багытталган мамлекеттик бюджеттин каражаттарын базалык мамлекеттик медициналык камсыздоо катары, каржылоонун камсыздандыруу принциптерине негизделген, саламаттык сактоо тармагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыздоого багытталган социалдык жактан коргоонун мамлекеттик формадагы каражаттары категориясына которуу менен, аларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле мындай чара Мамлекеттик кепилдиктер программасын жүзөгө ашырууга саламаттык сактоонун менчик уюмдарын катыштырууга мүмкүндүк берет, мунун өзү медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн арасында атаандаштыкты кеңейтет жана бейтап үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Мындан тышкары, Мамлекеттик кепилдиктер программасын жүзөгө ашырууга жеке менчик жабдуучуларды тартуу мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын финансылык жүгүн жеңилдетүүгө алып келиши керек.

ММК фондунун директорлору жана алардын иштеген мезгили:

Калиева Бейшекан Алмалиевна, 1996-ж.
Абдраимов Тургунаалы Дуйшөналиевич, 1998-2000-жж.
Мамбетов Касымбек Бейшенович, 2000-2001-жж.
Ибраимова Айнура Султановна, 2001-2008-жж.
Элебесов Болотбек Дердешович,
2008-2009-жж. Абдуллаева Үктөмхан Абазовна,
2009-2010-жж. Балтабаев Ташболот Балтабаевич, 2010-ж.
Калиев Марат Темирбекович, 2010-2011-жж.
Шакирова Гульмира Абидиновна, 2012-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин.