Главная |
О нас |
Нормативные документы |
Государственные гарантии |
Информационная работа |
Общественный совет |
Аналитика |
Вопрос - Ответ |
Задайте вопрос |
Скачать |
22.09.2017
23- сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү.
2017-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
«Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыңарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даңкталат. Дүйнөдө теңдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө бүгүнкү иш-чараны ачып берүү үчүн алгачкы сөз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Калиев Марат Темирбековичке жана төраганын орун басары Калыков Акыл Момунтаевичке берилди.
Ошондой эле, бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты, акын жана манасчы Рысбай Исаков катышып, Манас эпосунан үзүндү айтып берди. Андан соң ММК фондунун кызматкерлери менен Рысбай Исаковдун ортосунда суроо-жооп түрүндө аңгемелешүү болду.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Эл ырчысы Эстебес тобунун солисти, Маданияттын мыкты кызматкери Мээрим Карыпова жана Эльмира Таджиева аттуу ырчы кыздарыбыз да бүгүнкү кеченин ардактуу коногу болушту. Комузда кол ойнотуп, обон созуп, залдын ичин шаңга бөлөштү.
Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,
Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.
Арыбай кылымдарды багынта бер,
Ардагым ата мурас Кыргыз тилим!